ИНАЛ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНА́Л</b> , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар боюнча уруунун аталышы. Тувада 9–10-кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтыр­ган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кезде­шет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыз­дар жөнүндө маалымат бергенде, алардын падыша­сы «инал» деп аталарын белгилейт. | <b type='title'>ИНА́Л</b> , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар боюнча уруунун аталышы. Тувада 9–10-кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтыр­ган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кезде­шет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыз­дар жөнүндө маалымат бергенде, алардын падыша­сы «инал» деп аталарын белгилейт. Байыркы түрктөр «инал» деген терминди титул жана тактынын мураскору катары колдонушкан. X–XI кылымдагы огуз-түркмөн коомунун социалдык-саясий баскычында алар жогорку орундардын бирин ээлеп турган. Соңку орто кылымга тиешелүү жазма маалыматтарда кыргыздар өз башчысын инал «инал» (айрым учурларда «айнал», «инел» болуп окулушу мүмкүн) деп аташат, ал сөз моңголдордогу «каан», тажиктердеги «падшах» деген титул менен барабар экени айтылат. Л. Будагов да тоолук (Тянь-Шань, Памир) кыргыздарда бул термин «падыша, хан» менен тектеш мааниде колдонулганын эскерет. С. Е. Яхонтовдун пикиринде Кытай тарыхый булактарында бул титул «к-iê niet» түрүндө жолугуп, баш тамгасы үндүү болгондуктан тыбышы боюнча «инал» (inäl) деп окула турганы белгиленет. Анда ал энчилүү атка (Инэл-каган) байланыштуу эскерилген жана мааниси жагынан «ажо» деген сөзгө жакын деп чечмелеген. Мындай термин «князь» деген мааниде Кавказда жашаган айрым этностордо да кезигет. 1) энеси хан теги­нен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2) энчилүү ат, титул. | ||
Ад.: Родословное древо тюрков. Сочинение Абуль-Гази, Хивинского хана. Перевод и предисловие Г. С. Саблукова. Казань, 1906; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз». //Советская этнография. 1970. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
05:46, 26 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
ИНА́Л , э н а л – ават уруусундагы геноним. Айрым маалыматтар боюнча уруунун аталышы. Тувада 9–10-кылымдарга тиешелүү кыргыздар калтырган рун эстеликтеринде «ынал» деген сөз кездешет. Белгилүү тарыхчы Рашид ад-Дин кыргыздар жөнүндө маалымат бергенде, алардын падышасы «инал» деп аталарын белгилейт. Байыркы түрктөр «инал» деген терминди титул жана тактынын мураскору катары колдонушкан. X–XI кылымдагы огуз-түркмөн коомунун социалдык-саясий баскычында алар жогорку орундардын бирин ээлеп турган. Соңку орто кылымга тиешелүү жазма маалыматтарда кыргыздар өз башчысын инал «инал» (айрым учурларда «айнал», «инел» болуп окулушу мүмкүн) деп аташат, ал сөз моңголдордогу «каан», тажиктердеги «падшах» деген титул менен барабар экени айтылат. Л. Будагов да тоолук (Тянь-Шань, Памир) кыргыздарда бул термин «падыша, хан» менен тектеш мааниде колдонулганын эскерет. С. Е. Яхонтовдун пикиринде Кытай тарыхый булактарында бул титул «к-iê niet» түрүндө жолугуп, баш тамгасы үндүү болгондуктан тыбышы боюнча «инал» (inäl) деп окула турганы белгиленет. Анда ал энчилүү атка (Инэл-каган) байланыштуу эскерилген жана мааниси жагынан «ажо» деген сөзгө жакын деп чечмелеген. Мындай термин «князь» деген мааниде Кавказда жашаган айрым этностордо да кезигет. 1) энеси хан тегинен, атасы карапайым жерден чыккан, тектүү, жогорку даражалуу; 2) энчилүү ат, титул.
Ад.: Родословное древо тюрков. Сочинение Абуль-Гази, Хивинского хана. Перевод и предисловие Г. С. Саблукова. Казань, 1906; Яхонтов С. Е. Древнейшие упоминания названия «киргиз». //Советская этнография. 1970.