«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
мNo edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»</b> – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн | <b type='title'>«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»</b> – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. <i>Шүкүровдун</i> же­текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз ай­каштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн | ||
1-тому | 1-тому | ||
(<b>А</b>дан – <b>күрө</b>гө чейин) чыгып, 2-тому ар | (<b>А</b>дан – <b>күрө</b>гө чейин) чыгып, 2-тому ар | ||
03:35, 20 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ» – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маанилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. Шүкүровдун жетекчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз айкаштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн 1-тому (Адан – күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер менен чыкпай калган. Редакторлору: Э. Абдулдаев жана Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскирген сөздөр менен диалектилик, кесиптик лексиканын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби боюнча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри грамматикалык белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеленип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер менен историзмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-жылы бир том (Адан –Яга чейин), 2011-жылы академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыргыз тилинин сөздүгү» деген ат менен 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миңден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылган.