«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ» – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикографиялык эмгек. 1969-жылы Ж. Шүкүровдун же­текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп менен 25 миң сөз жана сөз ай­каштары камтылган. Кийин 1984-жылы сөздүктүн 1-тому (Адан – күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер менен чыкпай калган. Редактор­лору: Э. Абдулдаев жана Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскир­ген сөздөр менен диалектилик, кесиптик лексика­нын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби боюнча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри грамматикалык белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеле­нип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер менен исто­ризмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-жылы бир том (Адан –Яга чейин), 2011-жылы академик А. Акматалиев­дин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыр­гыз тилинин сөздүгү» деген ат менен 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миң­ден ашык сөз жана сөз айкаштары камтылган.