КЫЧКЫЛТЕК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫЧКЫЛТЕК (лат. Oxygenium), О – элементтердин мезгилдик системасынын VI тобундагы хим. элемент; ат. н. 8, ат. м. 15,9994. Табиятта кычкылтектин массалык сандары 16О, 17О ж-а 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 ж-а О3 (озон) болот. К. металл эместердин ичинен эң активдүүсү (фтордон кийинки). Таза түрүндөгү К-ти биринчи жолу 1772-ж. швед химиги К. Шееле KNO3, NаNO3, Mg(NO3)2ден, 1774-ж. англ. химик Ж. Пристли HgOдон бөлүп алган. 1775-ж. фр. химик А. Лавуазье абанын курамын аныктап, ал К. м-н азоттон турарын айткан ж-а кислоталардын курамына киргендиктен, oxygene – «кислота пайда кылуучу» деп атаган. К. эң кеңири таралган элемент. Атм-да массасы б-ча 23,10%, көлөмү б-ча 20,95%ке чейин болот ж-а ал азоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Гидросферада 85,82%, литосферада 52,8%ти түзөт. Курамында К. бар 1400дөн ашуун минерал белгилүү. Окистенүүнүн, күйүү, чирүү ж-а дем алуунун натыйжасында атм-да азайып, өсүмдүктө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чыгуучу К. м-н толукталат. К. жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Абадан бир аз оор, сууда аз эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн К-тин эригичтигинин мааниси өтө зор. –182,9°С ж-а нормалдуу басымда К. көгүлтүр түстөгү суюктук; –218°Сде көк түстөгү катуу кристаллга айланат. К. гелий, неон ж-а аргондон башка бардык элементтер м-н хим. бирикмелерди пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr ж-а галогендерден башка элементтер м-н түздөн-түз аракеттенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар м-н болгон реакцияларында окистенткич болуп саналат. Кээ бир заттар, мис., азот оксиди кандын гемоглобини К. м-н бөлмө темп-расында биригет. К-тин катышуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлүгү – жылуулукту ж-а жарыкты бөлүп чыгаруусу болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп аталат. К. суутек м-н реакцияга кирип, сууну пайда кылат. Реакция катализатордун катышуусунда 80°–100°Сде тез жүрөт. 500°Cден жогорку темп-рада реакция жарылуу м-н жүрөт. Катализаторлордун катышуусу м-н көп окистенүү реакциялары тездейт. К. күкүрт, селен, теллурдан айырмаланып, 2 валенттүү. Суутек м-н кадимки темп-рада өтө жай, 550°Сдан жогорку темп-рада жарылуу м-н, ал эми күкүрт, көмүртек, азот, фосфор м-н да кадимки шартта жай кошулат. К. дээрлик бардык металлдарды окистендирет. К. мезгилдик системанын II тобунун элементтери м-н реакцияга кирет. Мис., Ba 20–25°Сде, Mg ж-а Be 500°Сден жогорку темпрада күйөт. Реакциянын натыйжасында оксиддер ж-а пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. III топтун элементтери темп-ранын таасиринде гана аракеттенет да, оксиддерди пайда кылат. Ti, Zr, Hf К-тин таасирине туруктуу. К. көмүртек м-н реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Азот м-н 1200°Сден жогорку темп-рада гана аракеттенип, NOну пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин кычкылданат. VI топтун элементтери S, Se, Te бир аз ысытканда эле К. м-н аракеттенет. W ж-а Mo элементтеринин окистениши 400°Сде байкалат. Лабор-да К. оксиддерди, пероксиддерди, окси к-талардын туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) термиялык ажыратуу м-н алынат. Ө. ж-да К. абанын курамынан – 40°Сде ж-а 40 атм. басым астында суюктукка айлантып, ректификациялоо жолу м-н алынат. Техникада К. металлдарды ширетүүдө, кесүүдө, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде ж-а медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отун-
дарды, күкүрт, азот к-таларын, сода ж. б. хим. заттарды алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.
Д. Сатыбалдиев.