КЫЧКЫЛТЕК
КЫЧКЫЛТЕК (лат. Oxygenium), О – элементтердин мезгилдик системасынын VI тобундагы химиялык элемент; атомдук номери 8, ат. м. 15,9994. Табиятта кычкылтектин массалык сандары 16О, 17О ж-а 18О болгон 3 туруктуу изотобу кездешет. Эркин түрүндө эки модификацияда О2 ж-а О3 (озон)
болот. Кычылтек металл эместердин ичинен эң активдүүсү (фтордон кийинки). Таза түрүндөгү кычкылтекти биринчи жолу 1772-ж. швед химиги К. Шееле KNO3, NаNO3, Mg(NO3)2ден, 1774-ж. англтялык химик Ж. Пристли HgOдон бөлүп алган. 1775-ж.франсуцз химик А. Лавуазье абанын курамын аныктап, ал кычкылтек м-н азоттон турарын айткан ж-а кислоталардын курамына киргендиктен, oxygene – «кислота пайда кылуучу» деп атаган. Кычкылтек эң кеңири таралган элемент. Атмосферада массасы боюнча 23,10%, көлөмү боюнча 20,95%ке чейин болот ж-а ал азоттон кийинки 2-орунду ээлейт. Гидросферада 85,82%, литосферада 52,8%ти түзөт. Курамында кычкылтек бар 1400дөн ашуун минерал белгилүү. Окистенүүнүн, күйүү, чирүү ж-а дем алуунун натыйжасында атмосферада азайып, өсүмдүктө жүрүүчү фотосинтез кубулушунда бөлүнүп чыгуучу кычкылтек м-н толукталат. Кычкылтек жытсыз, даамсыз, түссүз газ. Абадан бир аз оор, сууда аз эрийт. Сууда жашаган тирүү организмдер үчүн кычкылтектин эригичтигинин мааниси өтө зор. –182,9°С ж-а нормалдуу басымда кычкаылтек көгүлтүр түстөгү суюктук; –218°Сде көк түстөгү катуу кристаллга айланат. Кычкылтек гелий, неон ж-а аргондон башка бардык элементтер м-н хим. бирикмелерди пайда кылат. Au, Pt, Xe, Kr ж-а галогендерден башка элементтер м-н түздөн-түз аракеттенет. Фтордон башка жөнөкөй заттар м-н болгон реакцияларында окистенткич болуп саналат. Кээ бир заттар, мисалы, азот оксиди кандын гемоглобини кычкылтек м-н бөлмө температурасында биригет. Кычкылтектин катышуусундагы реакциялардын мүнөздүү өзгөчөлүгү – жылуулукту ж-а жарыкты бөлүп чыгаруусу болуп саналат. Мындай процесс күйүү деп аталат. Кычкылтек суутек м-н реакцияга кирип, сууну пайда кылат. Реакция катализатордун катышуусунда 80°–100°Сде тез жүрөт. 500°Cден жогорку температурада реакция жарылуу м-н жүрөт. Катализаторлордун катышуусу м-н көп окистенүү реакциялары тездейт. Кычкылтек күкүрт, селен, теллурдан айырмаланып, 2 валенттүү. Суутек м-н кадимки температурада өтө жай, 550°Сдан жогорку темп-рада жарылуу м-н, ал эми күкүрт, көмүртек, азот, фосфор м-н да кадимки шартта жай кошулат. Кычкылтек дээрлик бардык металлдарды окистендирет. Кыскылтек мезгилдик системанын II тобунун элементтери м-н реакцияга кирет. Мисалы, Ba 20–25°Сде, Mg ж-а Be 500°Сден жогорку темпрада күйөт. Реакциянын натыйжасында оксиддер ж-а пероксиддер пайда болот. Zn, Ca, Hg м-н жогорку темп-рада гана аракеттенет. III топтун элементтери температуранын таасиринде гана аракеттенет да, оксиддерди пайда кылат. Ti, Zr, Hf К-тин таасирине туруктуу. Кычкылтек көмүртек м-н реакцияга киргенде СО2 пайда болуп, көп жылуулук бөлүнүп чыгат. Азот м-н 1200°Сден жогорку темп-рада гана аракеттенип, NOну пайда кылат. NO андан ары NO2 чейин кычкылданат. VI топтун элементтери S, Se, Te бир аз ысытканда эле кычкылтек м-н аракеттенет. W ж-а Mo элементтеринин окистениши 400°Сде байкалат. Лабораторияда кычкылтек оксиддерди, пероксиддерди, окси кислоталардын туздарын (KNO3, KClO3, KMnO4) термиялык ажыратуу м-н алынат. Өнөп жайда кычкылтек абанын курамынан – 40°Сде ж-а 40 атмосферанын басым астында суюктукка айлантып, ректификациялоо жолу м-н алынат. Техникада кычкылтек металлдарды ширетүүдө, кесүүдө, авиацияда, суу астындагы сүзүүчү кемелерде ж-а медицинада дем алуучу газ катары, металлургияда, жасалма суюк отундарды, күкүрт, азот кислоталарын, сода ж. б. химиялык заттарды алууда, жардыруу иштеринде колдонулат.
Д. Сатыбалдиев.