КЫРМАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРМАН – 1) эгин бастыруу, топтоо, кызылдоо, тазалоо, ж. б. иштерге ылайыкталып жасалган аянт. Анда эгин тазалоочу машиналарды (эгин сапыруучу, которуштуруучу ж. б.) орнотуу үчүн ар кандай бастырма курулат. К-да эгин кургатылып, сапырылып тазаланат да сакталуучу жайга (кампа ж. б.) жөнөтүлөт. К-да эгин тазалоо, жүктөө-түшүрүү иштери толук техниканын жардамы м-н аткарылат. К. бир жерге (кыштак ичинде) ж-а убактылуу курулуп, ачык же жабык болот. К-дын уз. 70–80 м, туурасы 45–60 м болушу керек; 2) терилген пахта топтолуп, кургатылып, пахта кабыл алуучу пунктка жөнөтүүчү жай. К-дын жанында демейде иштегендер эс алуучу шыйпаң да болот.