КЫРМАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРМАН – 1) эгин бастыруу, топтоо, кызылдоо, тазалоо, ж. б. иштерге ылайыкталып жасалган аянт. Анда эгин тазалоочу машиналарды (эгин сапыруучу, которуштуруучу ж. б.) орнотуу үчүн ар кандай бастырма курулат. Кырманда эгин кургатылып, сапырылып тазаланат да сакталуучу жайга (кампа ж. б.) жөнөтүлөт. Кырманда эгин тазалоо, жүктөө-түшүрүү иштери толук техниканын жардамы м-н аткарылат. Кырман бир жерге (кыштак ичинде) ж-а убактылуу курулуп, ачык же жабык болот. Кырмандын узундугу 70–80 м, туурасы 45–60 м болушу керек; 2) терилген пахта топтолуп, кургатылып, пахта кабыл алуучу пунктка жөнөтүүчү жай. Кырмандын жанында демейде иштегендер эс алуучу шыйпаң да болот.