КЫРГЫЗ УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ УЯҢ ЖҮНДҮҮ КОЮ – жүн-эт багытындагы кой породасы. Жерг. кылчык жүндүү куйруктуу койду түрдүү породадагы уяң жүндүү кочкорлор м-н аргындаштыруу аркылуу Талас обл-ндагы «Жоон-Төбө» асыл тукум кой ө с т үр үү з-ду нда

чыгарылган (1939–
53). Аргындаштыруу үчүн (1928–40)
Кырг-нга кавказ мериносу, римбулье, нюртемберг ж-а прекос койлорунун кочкорлору ал ынып к ел инген. 1939-ж. экинчи ж-а үчүнчү муундагы аргын койлорду өз ара
аргындаштыруу жолу м-н уяң жүндүү койдун жаңы п ородасын чыгаруу ошол учурда гы
«Жоон-Төбө» совхозунда, Кырг-н мал чарба
ж-а вет. ИИИнин станцияларында, Калинин (азыркы Жайыл) р-нунун чарбаларында (Панфилов, Крупская атн. колхоздордо) уюштурулган. Аргын койдун жүндүүлүгүн, сапатын жакшыртуу максатында грозный кою м-н ставрополь коюунун кочкорлору м-н куудурулган. Бул кой эттүү, тоо шартына жакшы байымдуу.
Кочкорунун орт. тирүүлөй салм. 90–100 кг (айрымдары 120 кг), жүнүнүн уз. 7,5–9,3 см, соолугунуку 7,5–8,5 см. Кочкорунун жүнү 60-, соолу-
гунун жүнү 60–64-сапатта. Ар кочкордон 8– 10 кг (айрымдарынан 16 кг), соолугунан 3,8– 4,3 кг жүн кыркылат, таза жүндүн чыгышы 50– 53%. Ар жүз тубар койдон 120–150 козу алынат. Кочкорунун бийикт. 74–81 см (соолугунуку 67–73 см), тулку боюнун уз. 74–88 см (67– 77 см), көөдөнүнүн кеңдиги 25–55 см (23–29 см). Кырг-нда асыл тукум фермердик чарбаларда асыралат.
Ад.: Лущихин М. Н. Кыргыз тукумундагы уяң
жүндүү кой. Ф., 1959; Тоолуу шарттарда уяң жүндүү кой чарбасын өстүрүүнүн технологиясы. Ф., 1981.