КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯСЫ Т. С а­т ы л г а но в а т н. – кыргыз эл ырлары м-н күүлөрүн, дүйнө элдеринин муз. мад-тын угуу­чулардын калың катмарына жайылтууга кон­церттик ишмердигин багыттаган мамл. мекеме. 1936-ж. 7-октябрда Кыргыз муз. драма театрын­да П. Шубиндин жетекчилиги м-н 16 кишиден (комузчу, кыл кыякчы М. Күрөңкөев, комузчу­лар К. Орозов, Ы. Туманов, Ч. Иманкулов, ки­йинчерээк А. Тыныбеков, Ш. Шеркулов, манас­чылар М. Мусулманкулов, С. Каралаев, акын­дар: К. Акыев, О. Бөлөбалаев, А. Үсөнбаев, куу­дул Ш. Термечиков, темир комузчу А. Байба­тыров, ырчылар: М. Баетов, А. Огомбаев, кыл кыякчы С. Бекмуратов, музыканттар: Ш. Оро­зов, Ш. Аралбаев ж. б.) турган Кыргыз эл ас­паптар оркестри уюшулган; ошол эле жылы кон-

церттик топ түзүлгөн. Ал респ-да биринчи өт­көрүлгөн кароонун жеңүүчүлөрү м-н толукталып, филармониянын уюткусу болуп калган. 1936- жылдын 29-октябрында Кыргыз мамл. филар­мониясы уюшулган. Филармониянын көркөм жетекчиси комп. В. Фере. Анын алгачкы тобун 41 ырчы, комузчу, обончу, манасчы, куудулдар, эл аспаптар оркестри, мамл. хор, комузчулар ансамбли, эркектердин вокалдык квартети, дун­ган ансамбли, үйлөмө аспаптар оркестри ж. б. түзгөн. Бир жылдан кийин эл аспаптар оркест­ри 60 кишиге (көркөм жетекчиси П. Шубин), хору 50 кишиге (көркөм жетекчиси В. Фере, хор­мейстери Я. Чмелёв) жеткен. 1939-ж. кыргыз иск-восунун Москвада өткөн он күндүгүнө эл ас­паптар оркестри, мамл. хор, бий ансамблдери,

ырчылар, комузчулар, манасчылар катышкан. Алардын аткарган чыгармалары Москва угуу­чуларына терең таасир калтырган. СССР Жо­горку Советинин Президиумунун 1939-жылдын 7-июнундагы жарлыгы м-н Кыргыз мамл. фи­лармониясы Эмгек Кызыл Туу ордени м-н сый­ланган. 1940-ж. Кыргыз ССР Жогорку Совети­нин Президиумунун Жарлыгы м-н филармо­нияга Т. Сатылгановдун ысмы берилген. Кыр­гыз ад-ты м-н иск-восунун Москвада өткөн экин­чи он күндүгүнө (1958) филармониянын эл ас­паптар оркестри, комузчулар ансамбли, кыргыз хору, Карамолдо, Ыбырай, Мыскал, Ысмайыл, Алымкул, Осмонкул баштаган өнөрпоздор ка­тышкан. Анда Кыргыз филармониясынын чоң чыг-лык тобу: ырчылар, комузчулар, төкмө акындар ж. б. ордендер ж-а медалдар м-н сый­ланган. 1960-жылдан тартып филармонияда К. Орозов атн. Кыргыз эл аспаптар оркестри (башкы дирижёрлору А. Жумакматов, К. Мол­добасанов, Н. Давлесов, Э. Жумабаев, Т. Томо­тоев, С. Жумалиев, Б. Тилегенов), фольклор тобу (жетекчиси Э. Турсуналиев), 15 кишиден тур­ган темир комузчулар ансамбли (жетекчиси Т. Тыныбеков), эстрада тобу (жетекчиси (Ч. Ко­жомжаров), бий ансамбли (жетекчилери Н. Тү­гөлов, Э. Мадемилова), 2 жылдык студия, «Ара­шан» вокалдык-аспаптык ансамбль (жетекчи­си К. Кожомкулов), «Наристе» вокалдык-аспап­тык топ (жетекчиси В. Томаренко), «Семетей» тобу (жетекчиси А. Сапаралиев), муз. лекторий (жетекчиси Е. Соболева), комузчулар ансамбли (жетекчиси Ч. Исабаев), «Даткайым» скрипка­чылар ансамбли (жетекчиси Ч. Абдракманова), о. эле ырчылар Э. Турсуналиев, С. Токтакунова, З. Үсөнбаев, А. Айталиев, Т. Абдиев, Э. Мойду­нов, А. Ибраев, У. Полотов, С. Садыкова, ма­насчы У. Мамбеталиев, арт. Г. Валиуллина, З. Шакеева, Г. Мамашева, Г. Момушева, А. Са­паралиев, Ж. Чабалдаев, Н. Табалдиева, А. Ма­диева, Ж. Жумашев, М. Дүйшөкеева, Т. Исабеко­ва, куудулдар А. Шаршенов, К. Ниязов, М. Үмөта­лиев, кыл кыякчы Т. Мураталиев ж. б. иштеш­кен. Филармониянын коллективи жыл сайын орто ж-а жогорку муз. билими бар таланттуу жаштар м-н толукталууда. К. у. ф-нын 1200 орундуу чоң ж-а 320 орундуу чакан концерттик залдары бар. Анда Москва симф. оркестринин, СССР бий ансамблинин ж. б. чыг-чыл коллек­тивдердин концерттери өткөн. 2001-ж. филар­монияга улуттук статусу берилген. Учурда фи­лармонияда 376 адам иштейт (2009), а. и. К. Оро­зов атн. академиялык кыргыз эл аспаптар ор­кестри, «Эл ырчысы Эстебес», А. Үсөнбаев атн. «Эл шайырлары» топтору, Ч. Исабаев атн. «Кам­баркан» этногр.-фольклордук ансамбли, «Ак марал» элдик бий ансамбли, «Насыйкат» каме­ралык ансамбли бар. Директорлору: С. Аденов, С. Бектурсунов, Ш. Орозов, Ө. Жетикашкаев, М. Токобаев, Ж. Садыков, Б. Ашымбаев, А. Эсен­гулов, С. Шимеев, А. Керимбаев, А. Токтосар­тов, Д. Назарматов, А. Жунушов, К. Турапов, З. Үсөнбаев (2010-жылдан).

Б. Алагушов.