«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ТҮШҮНДҮРМӨ СӨЗДҮГҮ» – кыргыз лексикасындагы сөздөрдүн маа­нилерин ачып, аларды чечмелеп түшүндүргөн лексикогр. эмгек. 1969-ж. Ж. Шүкүровдун же­текчилиги астында бир том болуп жарык көргөн. Орточо эсеп м-н 25 миң сөз ж-а сөз ай­каштары камтылган. Кийин 1984-ж. сөздүктүн 1-тому (Адан – күрөгө чейин) чыгып, 2-тому ар кандай себептер м-н чыкпай калган. Редактор­лору: Э. Абдулдаев ж-а Д. Исаев болгон. Сөздүккө негизинен кыргыз адабий тилинин ошол кезде активдүү колдонулган лексикасы кирген. Эскир­ген сөздөр м-н диалектилик, кесиптик лексика­нын фактылары бар. Сөздөр алфавит тартиби б-ча жайгаштырылып, кайсы сөз түркүмүнө кирээри граммат. белгилер аркылуу көрсөтүлүп, ал сөздөрдүн лексикалык маанилери чечмеле­нип түшүндүрүлүп, тиешелүү мисалдар берилген. Сөздүн өтмө маанилерин, архаизмдер м-н исто­ризмдерди, диалектилик лексика фактыларын стилистикалык жактан ажыратууда атайын белгилер колдонулган. 2010-ж. бир том (Адан –Я

га чейин), 2011-ж. академик А. Акматалиев­дин жалпы редакциясы астында кайрадан «Кыр­гыз тилинин сөздүгү» деген ат м-н 2 томдугу жаңыланып басылып чыккан. Сөздүктө 50 миң­ден ашык сөз ж-а сөз айкаштары камтылган.