«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
«КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ОРФОГРАФИЯЛЫК СӨЗДҮГҮ» – азыркы кыргыз тилиндеги сөздөрдү бирдиктүү кабыл алынган нормада туура жазуу үчүн иштелип чыккан ж-а кыргыз лексикасындагы сөздөрдү камтыган сөздүк. «К. т. о. с.» коллективдүү эмгек катары 1-жолу латын тамгасында (5 миң сөздөн турган) 1938-ж. басылып чыккан. 1942-ж. орус графикасына өткөндүгүнө байланыштуу 7 миң сөздү камтыган 2-басылышы жарык көргөн (түзүүчү М. И. Богданова). 1956-ж. Х. Карасаев, Ю. Яншансин тарабынан кайрадан иштелип чыккан ж-а ал сөздүктөгү сөздөрдүн саны 11 миңге жеткен. 1966-ж. Х. Карасаев 60 миң сөздү камтыган орфогр. сөздүктү түзүүнү ишке ашырган ж-а 1983-ж. ал кайрадан (С. Давлетов, Р. Бекжанованын редакциясында) басылган.
Кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги талаш-тартыш маселелерине байланыштуу анын жаңы редакциясы КРдин Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 26-июнундагы 567-токтому м-н атайы бекитилген. Мына ушул эреженин негизинде Х. Карасаевдин «Орфографиялык сөздүгүн» (1983) негиз кылып алуу м-н 80 миң сөздү камтыган «Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү» Н. Абдесов, Д. Андашев, А. Биялиев, С. Ибраимов, А. Ибраимов, Т. Мамбетжунушов, Ж. Мамытов, Т. Маразыков тарабынан азыркы кыргыз тилинин лексикасы мүмкүн болушунча толук эске алынуу м-н толукталып, кошумчаланып, 2009-ж. кайрадан Х. Карасаевдин авторлугунда басылып чыкты. Мурда кирбей калган сөздөр, сөз формалары, адабий тилибиздин лексикасын байытууга өбөлгө түзө алат деген диалектилик сөздөр м-н диалектизмдер, жалпы элдик тилдин негизинде адабий тилдин лексикасына кабыл алынган туруктуу сөз айкаштары – фразеологизмдер (эркин сөз айкаштарынан башкасы), азыркы учурда илим-билим, техника, экономика, иск-во, мад-т тармактары б-ча кеңири тараган ж-а түрдүү кесипчиликте колдонулган терминдер камтылды. Негизги «алфавит, графика, орфография» деген түшүнүктөргө басым коюлуу м-н, негизинен дүйнөлүк орфографияда орун алган 4 принцип (фонет., морфол., салттык, дифференциация) сакталды. О. эле КРдин саясий-адм. бөлүнүшү, Кыргыз Өкмөтүнүн структурасына кирген мекемелердин аталыштары, дүйнөдөгү мамлекеттердин ж-а ээликтердин, алардын борбор шаарларынын, акча бирдиктеринин аталыштары м-н толукталды.
Д. Андашев.