КЫРГЫЗСТАН КУРОРТОЛОГИЯ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАН КУРОРТОЛОГИЯ ЖАНА КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ – Кырг-нда курортология, физиотерапия ж-а практикалык иштерди жүргүзүүчү мекеме. КРдин Саламаттык сактоо министрлигине карайт. 1957-ж. Фрунзеде Кырг-н курортология ж-а физиотерапия ИИИ болуп уюшулган. 1992- жылдан азыркыдай аталат. Ин-т Бишкектен 20 км түштүктө Таш-Дөбө айылында, филиалы Бишкек ш-нда жайгашкан. Ал ил. клиникалык ж-а лабор. бөлүмдөрдөн турат. Ин-ттун 510 орундуу клиникалык базасында жыл сайын 11000ден ашык оорулуу дарыланат ж-а реабилитациядан өтөт. Ин-тта жүрөк-кан тамыр, тамак сиңирүү, дем алуу системалары, нерв системасы, буту, колу жабыркагандар дарыланат. Ал жерде дары-дармек ж-а табигый факторлордон тышкары физиотерапия (электр, ультра үн, жарык ж. б.), жылуулук (баткак, парафин), түрдүү массаж, дары чөптөр, аэрозолдор, суу, ийне м-н дарылоо жүргүзүлөт. Ангионеврология бөлүмүндө мээнин кан айлануусу бузулгандар, четки нерв системасы жабыркагандар дарыланат ж-а сүйлөөсү, басуусу бузулгандар үчүн калыб ына келтирүүчү комплек стүү чаралар жүргүзүлөт. Ин-тта 47 ил. кызматкер, илимдин 2 доктору ж-а 13 кандидаты эмгектенет (2010).