КЫРГЫЗСТАН КИНЕМАТОГРАФИСТТЕР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗСТАН КИНЕМАТОГРАФИСТТЕР СОЮЗУ – ыктыярдуу коомдук чыг-лык уюм. Адеп СССР кинематографисттер союзунун карамагы­на кирген. Ал кино иск-восун өнүктүрүүгө ак­тивдүү катышкан кино ишмерлерин (режиссёр, киносценарист, драматург) ж-а сынчы, актёр, оператор, сүрөтчү, үн оператору, сценарий ре­дактору, кино өндүрүшүн уюштуруучу, кинотех. б-ча атайын эмгектери бар кино инженерлерди ж. б. бириктирип турат. К. к. с. 1962-ж. ок­тябрь айында түзүлгөн. Анын негизги милде­ти – жогорку көркөмдүктөгү кино чыгармала­рынын жаралышына көмөк көрсөтүү. Союзда көркөм кино, кинодраматургия, киносын, ки­ноактёрлор, чыгармачыл жаштар м-н иш алып баруу, кино ышкыбоздору, даректүү кино, теле­көрсөтүү, дубляж секциялары, Кино үйү иштейт. Союз чыг-лык конф-ялар, жаңы фильмдерге талкуу уюштурат. Союздун жогорку органы – 4–5 жылда бир чакырылуучу съезд. Съезд Союз­дун Башкармасын шайлайт. Башкарма эки съезд аралыгында иш алып баруу үчүн секретариат­ты дайындайт. Союздун Башкармасынын төра­галары: Ч. Айтматов, Т. Океев, 2007-жылдан Т. Бапанов.