КЫРГЫЗСТАН КИНЕМАТОГРАФИСТТЕР СОЮЗУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗСТАН КИНЕМАТОГРАФИСТТЕР СОЮЗУ – ыктыярдуу коомдук чыгармачылык уюм. Адеп Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) кинематографисттер союзунун карамагы­на кирген. Ал кино искусствосун өнүктүрүүгө ак­тивдүү катышкан кино ишмерлерин (режиссёр, киносценарист, драматург) жана сынчы, актёр, оператор, сүрөтчү, үн оператору, сценарий ре­дактору, кино өндүрүшүн уюштуруучу, кинотехника боюнча атайын эмгектери бар кино инженерлерди жана башкаларды бириктирип турат. Кыргызстан кинематографисттер союзу 1962-жылы ок­тябрь айында түзүлгөн. Анын негизги милде­ти – жогорку көркөмдүктөгү кино чыгармала­рынын жаралышына көмөк көрсөтүү. Союзда көркөм кино, кинодраматургия, киносын, ки­ноактёрлор, чыгармачыл жаштар менен иш алып баруу, кино ышкыбоздору, даректүү кино, теле­көрсөтүү, дубляж секциялары, Кино үйү иштейт. Союз чыгармачылык конференциялар, жаңы тасмаларга талкуу уюштурат. Союздун жогорку органы – 4–5 жылда бир чакырылуучу съезд. Съезд Союз­дун Башкармасын шайлайт. Башкарма эки съезд аралыгында иш алып баруу үчүн секретариат­ты дайындайт. Союздун Башкармасынын төра­галары: Ч. Айтматов, Т. Океев, 2007-жылдан Т. Бапанов иштеген.