КЫРГЫЗСТАН КИНЕМАТОГРАФИСТТЕР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАН КИНЕМАТОГРАФИСТТЕР СОЮЗУ – ыктыярдуу коомдук чыг-лык уюм. Адеп СССР кинематографисттер союзунун карамагына кирген. Ал кино иск-восун өнүктүрүүгө активдүү катышкан кино ишмерлерин (режиссёр, киносценарист, драматург) ж-а сынчы, актёр, оператор, сүрөтчү, үн оператору, сценарий редактору, кино өндүрүшүн уюштуруучу, кинотех. б-ча атайын эмгектери бар кино инженерлерди ж. б. бириктирип турат. К. к. с. 1962-ж. октябрь айында түзүлгөн. Анын негизги милдети – жогорку көркөмдүктөгү кино чыгармаларынын жаралышына көмөк көрсөтүү. Союзда көркөм кино, кинодраматургия, киносын, киноактёрлор, чыгармачыл жаштар м-н иш алып баруу, кино ышкыбоздору, даректүү кино, телекөрсөтүү, дубляж секциялары, Кино үйү иштейт. Союз чыг-лык конф-ялар, жаңы фильмдерге талкуу уюштурат. Союздун жогорку органы – 4–5 жылда бир чакырылуучу съезд. Съезд Союздун Башкармасын шайлайт. Башкарма эки съезд аралыгында иш алып баруу үчүн секретариатты дайындайт. Союздун Башкармасынын төрагалары: Ч. Айтматов, Т. Океев, 2007-жылдан Т. Бапанов.