КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕПРОДУКЦИЯСЫ ИЛИМИЙ БОРБОРУ (КАРИБ): нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗСТАН АДАМ РЕПРОДУКЦИЯСЫ ИЛИМИЙ БОРБОРУ (КАРИБ) – балдар м-н аялдарга мед. тейлөөнү жакшыртуу, калктын тукум улантууга байланышкан саламаттыгын изилдөө ж-а калыбына келтирүү б-ча ил. иштерди жүргүзүүчү мекеме. 1997-ж. уюшулган. КРдин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу. КАРИБ аял м-н эркектин тукум улантуу системасынын түрдүү ооруларын өз убагында дарылоо ж-а алдын алуу б-ча натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгуу максатын көздөйт. Борбордо амбулаториялык ж-а адистешкен стационардык кызмат иштейт. Амбулаториялык кызматтын пренаталдык (төрөт алдында) диагноздоо ж-а мед.-ген. кеңеш берүү, микробиол., биохим., жалпы клиникалык изилдөө, цитоген. изилдөө ж. б. лабор-лары бар. О. эле үйбүлөнү пландоо, физиотерапия, андрология, тукумсуздук, акушер-гинекология, гинекологэндокринолог, балдар гинекологиясы, жатын моюнчасынын патологиясы б-ча адистешкен кабинеттери иштейт. Стационар бөлүмүндө гинекол. эндокринология, реанимация ж-а анестезиология, гинекол. хирургия ж-а эндоскопия, аялдардын репродукциялык функциясын дарылоо бөлүмчөлөрү бар. Бул борбор балдар гинекологиясы, мед. генетика ж-а тукум улантуучулугун, о. эле аялдын ж-а эркектин тукум улантуу системасынын патологиясын, клиникалык өтүшүн ж-а өзгөчөлүгүн изилдейт. Борбордо медицина илимдеринин 3 доктору, 7 кандидаты эмгектенет (2010).