КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ – кыргыз совет ад-тынын жаралуу, телчигүү, өркүндөө тарыхын, белгилүү ад-т ишмерлери­нин чыг-лык бейнелерин камтыган эмгек. Кыр­гыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунун ил. кызматкерлери тарабынан даярдалып, 1-тому 1987-ж., 2-тому 1990-ж. «Илим» басмасынан жа­рык көргөн. 1-томдун «Кыргыз элинин көркөм сөз мурасы» деп

аталган баш сөзүн К. Асаналиев жаз­га н. Эмгек беш глав адан ж-а «Балдар адабия­ты» деген кошум­ча бөлүмдөн ту­рат. I главада – «Кыргыз совет адабиятынын жа­ралышы тарыхый жана мадани й шарттар» (обзор­дук бөлүгүн жазган – С. Жигитов); II глава – «Калыптануу жана жетилүү жолунда» (обзор­дук бөлүгүн жазган – О. Сооронов); III глава – «Кыргыз адабияты Улуу Ата Мекендик со­гуш жылдарында» (обзордук бөлүгүн жазган – С. Байгазиев); IV глава – «Согуштан кийинки кыргыз адабияты» (обзордук бөлүгүн жазган – А. Садыков); V глава – «Азыркы кыргыз ада­бияты». Ар бир глава поэзия, проза, драматур­гия, көркөм котормо, корутунду бөлүмдөрүнөн туруп, адабият таануу ж-а адабий сын, акын­жазуучулардын, драматургдардын чыг-лыгы, портреттерине арналган главалардан түзүлгөн. 2-тому үч главадан турат: 1) Кыргыз совет ад­тынын жаралышына ж-а калыптанышына бөтөнчө салымын кошкон жазуучулар; 2) «Эл акындары», «Токтогул сыйлыгынын лауреатта­ры» деген наамга ээ болгондор; 3) айрым жанр­ды өнүктүрүүдө айрыкча чыг-чыл ийгиликтерге жетишкен авторлор ж-а жазуучулардын чыг-лы­гына арналган бөлүмдөр хронол. принципте жайгаштырылган. Эмгекти жаратууда К. Аса­налиев, Б. Керимжанова, С. Жигитов, А. Са­дыков, О. Сооронов, С. Байгазиев, К. Бай­жигитов, О. Ибраимов ж. б. эмгектенишкен.