КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ СОВЕТ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ – кыргыз совет адабиятынын жаралуу, телчигүү, өркүндөө тарыхын, белгилүү адабият ишмерлери­нин чыгармачылык бейнелерин камтыган эмгек. Кыр­гыз ССР ИАнын Тил жана адабият институтунун ил. кызматкерлери тарабынан даярдалып, 1-тому 1987-жылы, 2-тому 1990 -жылы «Илим» басмасынан жа­рык көргөн. 1-томдун «Кыргыз элинин көркөм сөз мурасы» деп

аталган баш сөзүн К. Асаналиев жаз­га н. Эмгек беш глав адан жана «Балдар адабия­ты» деген кошум­ча бөлүмдөн ту­рат. I главада – «Кыргыз совет адабиятынын жа­ралышы тарыхый жана маданий шарттар» (обзор­дук бөлүгүн жазган – С. Жигитов); II глава – «Калыптануу жана жетилүү жолунда» (обзор­дук бөлүгүн жазган – О. Сооронов); III глава – «Кыргыз адабияты Улуу Ата Мекендик со­гуш жылдарында» (обзордук бөлүгүн жазган – С. Байгазиев); IV глава – «Согуштан кийинки кыргыз адабияты» (обзордук бөлүгүн жазган – А. Садыков); V глава – «Азыркы кыргыз ада­бияты». Ар бир глава поэзия, проза, драматур­гия, көркөм котормо, корутунду бөлүмдөрүнөн туруп, адабият таануу жана адабий сын, акын­жазуучулардын, драматургдардын чыг-лыгы, портреттерине арналган главалардан түзүлгөн. 2-тому үч главадан турат: 1) Кыргыз совет ад­тынын жаралышына жана калыптанышына бөтөнчө салымын кошкон жазуучулар; 2) «Эл акындары», «Токтогул сыйлыгынын лауреатта­ры» деген наамга ээ болгондор; 3) айрым жанр­ды өнүктүрүүдө айрыкча чыгармачыл ийгиликтерге жетишкен авторлор жана жазуучулардын чыгармачылы­гына арналган бөлүмдөр хронолологиялык принципте жайгаштырылган. Эмгекти жаратууда К. Аса­налиев, Б. Керимжанова, С. Жигитов, А. Са­дыков, О. Сооронов, С. Байгазиев, К. Бай­жигитов, О. Ибраимов ж. б. эмгектенишкен.