КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СҮРӨТЧҮЛӨР СОЮЗУ: нускалардын айырмасы
v>KadyrM No edit summary |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СҮРӨТЧҮЛӨР СОЮЗУ – респ-дагы сүрөтчүлөрдү (живописчилерди, скульпторлорду, графиктерди), жасалгаколдонмо өнөрүнүн чеберлерин ж-а иск-во таануучуларды бириктирген коомдук чыгармачыл уюм. 1933-ж. уюштурулган. 1934-ж. жетекчи органы шайланган. Союз сүрөтчүлөрдүн чеберчилиги м-н талант кудуретин өстүрүүгө, чыг-лык изденүүлөрүнө көмөктөшүп, жаштардын чыглык жактан калыптануусуна кам көрөт. Сүрөтчүлөрдүн идеялык-тарбиялык, кесиптик ж-а теор. деңгээлин көтөрүү б-ча иш жүргүзөт: чыгармачыл талкуу, командировка, түрдүү сүрөт көргөзмөлөрүн, конф-я ж. б. уюштурат, мыкты сүрөт үлгүлөрүн элге жайылтууга көмөктөшөт. Союздун карамагына КР сүрөт фонду м-н сүрөтчүлөрдүн Ош обл. бөлүмү кирет. Союздун төрагалары: С. Чуйков (1933–37), А. Евдаков (1937– 40), Г. Айтиев (1940–52, 1954–68), А. Михалёв (1952–54), Т. Садыков (1968–83), Ж. Үмөтов (1988), С. Чокморов (1988–92), С. Айтиев (1992– 96), Ж. Кадралиев (1996), Ж. Молдакматов (1996–98), Т. Курманов (1998-жылдан).