КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КИНЕМАТОГРАФИЯ ДЕПАРТАМЕНТИ КРдин кино тарма­гындагы саясатын жүргүзөт. Кыргыз ССРинде «Мамлекеттик кино» 60-жылдарда уюшулган, кийин «Кыргызкино» мамконцерни (1992–2000), «Мамкиновидеокомпания» (2000–06), «Кыргыз­кино» улуттук концерни (2006–09), КРдин Ма­даният ж-а маалымат министрлигинин алдын­дагы Кинематография департаменти (2009–10), КРдин кинематография агенттиги (2010–12) деп аталган, 2012-жылдан КРдин Маданият ж-а туризм министрлигинин алдындагы Кинемато­графия департаменти. Карамагында Т. Океев атн. «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы, Ч. Айтматов атн. Кино үйү, «Кыргызфильмо­фонд» мекемеси ж-а кинотеатрлар бар. Дирек­торлору: К. Орозалиев, М. Бектеналиев, З. Эра­лиев, А. Пазылов, Ш. Жапаров, 2012-жылдан М. Бектеналиев.