КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУРУЛУШ– ТРАНСПОРТ ЖАНА АРХИТЕКТУРА УНИВЕРСИТЕТИ (КМКТАУ): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
v>KadyrM
No edit summary
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУРУЛУШ– ТРАНСПОРТ ЖАНА АРХИТЕКТУРА УНИВЕРСИТЕТИ (КМКТАУ) Н. И с а н о в атн. – жо­горку билимдүү инженер адистерди даярдоочу тех. жогорку окуу жайы. 1992-ж. ФПИнин арх­ра ж-а курулуш ф-тинин базасында Кыргыз архитектура ж-а курулуш ин-ту түзүлүп– 1998-ж. КМКТАУ болуп уюшулган. 2008-ж. Н. Исанов­дун ысмы берилген. Ун-тке караштуу 6 ин-т– 4 коллеж, 3 лицей, Кыргыз-Герман– Кыргыз- Француз, Кыргыз-Араб ф-ттери бар. Ун-ттин курамында С. Чуйков атн. Кыргыз мамл. көр-

көм сүрөт окуу жайы, Бишкектеги курулуш, Балыкчыдагы индустриялык техникумдар иштейт. Улуттук арх-ра ж-а дизайн мектеби арх-ра– арх-ралык чөйрөнүн дизайны– арх-ра­лык мурастардын реставрациясы ж-а реконст­рукциясы– көркөм кол өнөрчүлүк– живопись– сүрөт иск-восунун теориясы ж-а тарыхы б-ча адистерди даярдайт. Ун-тте сырттан окуу ж-а даярдоо бөлүмдөрү– аспирантура– 50 кафедра– окуу лабор-сы– китепкана– спорт залдары– жата­кана– 6 окуу корпусу бар. Ун-тти КР УИАнын корр. мүчөлөрү, академиктери, илимдин канди­даттары ж-а докторлору эмгектенишет. Ун-тте 55 адистик б-ча 12 миң студент окуп– 500дөн ашуун окутуучу (30 илимдин доктору– 160 илим­дин кандидаты, а. и. респ. ж-а эл аралык ака­демиялардын 13 академиги ж-а корр. мүчөлөрү) иштейт (2008). Ректорлору Ж. Тентиев, 2005- жылдан А. Абдыкалыков.