КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУРУЛУШ– ТРАНСПОРТ ЖАНА АРХИТЕКТУРА УНИВЕРСИТЕТИ (КМКТАУ)
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУРУЛУШ–ТРАНСПОРТ ЖАНА АРХИТЕКТУРА УНИВЕРСИТЕТИ (КМКТАУ) Н. И с а н о в а т ы н д а – жогорку билимдүү инженер адистерди даярдоочу техникалык жогорку окуу жайы. 1992-жылы Фрунзе Политехникалык институтунун архитектура жана курулуш факультетинин базасында Кыргыз архитектура жана курулуш институту түзүлүп, 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик курулуш-транспорт жана архитектура университети болуп уюшулган. 2008-жылы Н. Исановдун ысмы берилген. Университетке караштуу 6 институт, 4 коллеж, 3 лицей, Кыргыз-Герман, Кыргыз-Француз, Кыргыз-Араб факультеттери болгон. Университеттин курамында С. Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көрөм сүрөт окуу жайы, Бишкектеги курулуш,

кБалыкчыдагы индустриялык техникумдар иштеген. Улуттук архитектура жана дизайн мектеби архитектура, архитектуралык чөйрөнүн дизайны, архитектуралык мурастардын реставрациясы жана реконструкциясы, көркөм кол өнөрчүлү, живопись, сүрөт искусствосунун теориясы жана тарыхы боюнча адистерди даярдаган. Университетте сырттан окуу жана даярдоо бөлүмдөрү, аспирантура, 50 кафедра, окуу лабораториясы, китепкана, спорт залдары, жатакана, 6 окуу корпусу бар. Университетте Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корр. мүчөлөрү, академиктери, илимдин кандидаттары жана докторлору эмгектенишкен. 55 адистик боюнча 12 миң студент окуп, 500дөн ашуун окутуучу (30 илимдин доктору, 160 илимдин кандидаты, анын ичинде республикалык жана эл аралык академиялардын 13 академиги жана корреспондент мүчөлөрү) иштеген (2008). Ректорлору Ж. Тентиев, 2005 жылдан А. Абдыкалыков болгон.
2022-жылы Курулуш жана коммуникациялар институту (ККУ) анын базасында Н.Исанов атындагы Кыргыз курулуш институтуна (КИСИ) өзгөртүлгөн, азыр И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамына кирип, өзүнүн билим берүү программаларын жана үзгүлтүксүздүгүн сактап, адистерди даярдоону улантып, аны интеграцияланган жана өнүгүп келе жаткан университетке айландырууда.