КЫТАНДАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫТАНДАР (Ardeidae) – кунас сымалдар түркүмүндөгү тукум. Салмагы 130дан–2 кгга чейин

жетет. Денеси сүйрү, мойну, буту узун. Тумшугу учтуу, узун, уч жагында тишчелери бар . Ш ыйр агы жүнсүз, к анат ы кыска, жазы, куйругу кыска, түрдүү түстө (саргыч, күрөң, көгүш, айрымдары ак). 32
ур уусу , 66 түрү түндүктөн башка
бардык жерлерде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 12 уялоочу түрү кездешет. Алар суу боюнда жашап, майда балык, бака, курт-кумурска, айрымдары жумуртка ж-а балапан жейт. Жай учат.
Бакта топтолуп уялайт, 3–7 жумуртка тууйт.
Балапандарын кулгуп азыктандырат. Көпчүлүгү азыгын күүгүмдө, түнкүсүн издейт.