КЫТАНДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫТАНДАР (Ardeidae) – кунас сымалдар түркүмүндөгү тукум. Салмагы 130дан–2 кгга чейин

жетет. Денеси сүйрү, мойну, буту узун. Тумшугу учтуу, узун, уч жагында тишчелери бар . Шыйрагы жүнсүз, к анаты кыска, жазы, куйругу кыска, түрдүү түстө (саргыч, күрөң, көгүш, айрымдары ак). 32
уруусу , 66 түрү түндүктөн башка бардык жерлерде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 12 уялоочу түрү кездешет. Алар суу боюнда жашап, майда балык, бака, курт-кумурска, айрымдары жумуртка ж-а балапан жейт. Жай учат. Бакта топтолуп уялайт, 3–7 жумуртка тууйт. Балапандарын кулгуп азыктандырат. Көпчүлүгү азыгын күүгүмдө, түнкүсүн издейт.