КЫРТЫШТЫН ЧӨГҮП КЕТИШИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРТЫШТЫН ЧӨГҮП КЕТИШИ – нымдалган кыртыштын көлөмүнүн кичирейиши, басырылышы, ныкталышы. Өз ичинен салыштырмалуу чөгүүдөн ж-а чөгүү башталган басымдан турат. Кыртыш нымдалганда салмагынын, оордук күчүнүн таасиринен басырылышы, ныгырылышы чөгүү башталган басым деп, ал эми нымдалган кыртыштын көлөмүнүн кичирейиши салыштырмалуу чөгүү деп аталат. Курулуш иштеринде 0,3 МПа (3,0 кг/см2) барабар болгон басым кабыл алынат. Жаратылышта кыртыштын чөгүп кетиши 2 типтен турат. 1-типте чөгүп кетүү 5 смден ашпайт. 2-типте 5 смден көп болот. 2-тип кездешкен кыртышта курулуш куруу иштери өзгөчө эреже м-н жүргүзүлөт.