КЫРТЫШТЫН ЧӨГҮП КЕТИШИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРТЫШТЫН ЧӨГҮП КЕТИШИ – нымдалган кыртыштын көлөмүнүн кичирейиши, басыры­лышы, ныкталышы. Өз ичинен салыштырма­луу чөгүүдөн ж-а чөгүү башталган басымдан ту­рат. Кыртыш нымдалганда салмагынын, оор­дук күчүнүн таасиринен басырылышы, ныгы­рылышы чөгүү башталган басым деп, ал эми нымдалган кыртыштын көлөмүнүн кичирейи­ши салыштырмалуу чөгүү деп аталат. Курулуш иштеринде 0,3 МПа (3,0 кг/см2) барабар болгон басым кабыл алынат. Жаратылышта кыртыш­тын чөгүп кетиши 2 типтен турат. 1-типте чөгүп кетүү 5 смден ашпайт. 2-типте 5 смден көп бо­лот. 2-тип кездешкен кыртышта курулуш ку­руу иштери өзгөчө эреже м-н жүргүзүлөт.