КЫРМАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРМАН – 1) эгин бастыруу, топтоо, кызыл­доо, тазалоо, ж. б. иштерге ылайыкталып жа­салган аянт. Анда эгин тазалоочу машиналар­ды (эгин сапыруучу, которуштуруучу ж. б.) ор­нотуу үчүн ар кандай бастырма курулат. К-да эгин кургатылып, сапырылып тазаланат да сак­талуучу жайга (кампа ж. б.) жөнөтүлөт. К-да эгин тазалоо, жүктөө-түшүрүү иштери толук тех­никанын жардамы м-н аткарылат. К. бир жер­ге (кыштак ичинде) ж-а убактылуу курулуп, ачык же жабык болот. К-дын уз. 70–80 м, туу­расы 45–60 м болушу керек; 2) терилген пахта топтолуп, кургатылып, пахта кабыл алуучу пунктка жөнөтүүчү жай. К-дын жанында демей­де иштегендер эс алуучу шыйпаң да болот.