КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫ 20-к-дын 60-жылдарынан өнүгө баштаган. 1962-ж. Мамл. филармонияда курамы 15 музыканттан турган атайын профессионал эстрада тобу түзүлгөн. Ал алгачкы кыргыз эстрада ансамбли болуп, анда комуз-прима, комуз-альт, комуз-бас, аккордеон, бас-гитара, электр-орган ж-а урма аспаптар колдонулган. Ансамблди Ч. Кожомжаров жетектеген. Репертуарына кыргыз элдик обондору ж-а күүлөрү, композиторлордун эстрадалык ырлары, аспаптык чыгармалары кирген. Э. Мойдунов, Ш. Өтөбаев, Г. Мамашева, З. Шакеева, А. Сапаралиев, А. Исраилова, А. Базарбаева, А. Момунгазиев, К. Барктабасова, Н. Калназарова, А. Ибраев ж. б. ырчылар К. э-н түптөгөн. Эстрада өнөрүнө кызыгуу күчөп, окуу жайларда, айылдык, райондук, обл. мад-т үйлөрүндө аваздык-аспаптык топтор уюштурула баштаган. 1975-ж. К. Кожомкулов уюштурган «Арашан», 1980-ж. В. А. Пругло уюштурган «Наристе» вокалдык-аспаптык топтору пайда болгон. Кийин аткаруучулук профессионалдуулугу м-н айырмаланган «Наристе», «Досум Үсөн», «Кыз бурак», «Биз», «Мээрим», «Жаштык», «Семетей», «Арман», «Гүлдесте», «Аракет» аттуу вокалдык-аспаптык ансамблдер респ. ж-а эл аралык конкурс, фестивалдардын лауреаттары болушкан. 1990-жылдан К. э. жаңы багытта, жаңы нукта өнүгүү жолуна түштү. «Элес», «Агым», «Аян», «Инсан», «Кербен», «От», «Эрсай», «Энесай», о. эле А. Головин жетектеген джаз ансамбли, «Эриксон-Диксибэнд» ж. б., «Гольфстрим», «R-18», «Континент», «Южный крест» рок-топтору түзүлгөн. Учурда «ДжазОк», «Солёные орешки», «Аура», «Теоника», «Анна Парадайз», «Артек» ж. б. эстрадалык топтор бар. К. э-нын калыптанышына композиторлор: А. Малдыбаев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Жумалиев, С. Осмонов, Ж. Малдыбаева, М. Бегалиев,
К. Эралиева, Б. Алишеров, С. Бактыгулов, Т. Саламатов, о. эле обончулар: К. Тагаев, М. Рыскулбеков, Р. Абдыкадыров, А. Керимбаев, Т. Казаков, Ж. Мамажанов, Ч. Сатаев, А. Бөдөшев ж. б.; аткаруучулар: Г. Сатылганова, К. Азыкбаев, А. Исабаев, Ы. Осмонкулов, Ж. Осмоналиева, С. Назаренко, С. Каримов, Д. Акулова, Т. Черикчиева, А. Жетигенова, К. Жолдошев, Г. Тойгонбаева, А. Иманалиева, Г. Кахарова, А. Турдалиева, Т. Ынакбеков, Ш. Аскарова, И. Аманбаев, А. Темиров, К. Артыков, Ж. Муратова ж. б., кийинки муундагы ырчылар: Г. Батырканова, А. Карымов, С. Бейшекеев, Ф. Султанова, Т. Назаров, Т. Асаналиев, М. Атабеков, С. Садыралиев, С. Балтаева, С. Искеналиев,
Ч. Төрөбеков, Н. Садыкова, А. Асангожоева, Р. Адилканова, Г. Суранчиева, Нэна (М. Абдылдаева), Ж. Бобкова ж. б.; аранжировщиктер: Р. Сарлыков, Э. Кадырбаев, Э. Мээрканов, А. Головин, А. Юртаев, Б. Айтбосунов, Т. Бейшеев, М. Батырканов, Р. Усманов, М. Ниязов, А. Такырбашев ж. б. салым кошкон. К. э-нын
өкүлдөрү эл аралык конкурстарда Кыргыз мамлекетинин желегин бийик көтөрүшкөн (акыркы 5 жыл ичиндеги жеңүүчүлөр): Омар (Ө. Жанышев) «Жаңы толкун» («Новая волна»), Латвия, Рига, 2008, А. Пугачёванын жеке сыйлыгы (50 000 АКШ доллары); Э. Кадырбаев – «Астана жылдызы», Казакстан, Астана, 2008, Гран- При; Ома (Ө. Андарбеков) – «Бүткүл дүйнөлүк
чемпионат», АКШ, Лос-Анжелес, 2008, 3 алтын медаль; Н. Азыкбаева – «Бүткүл дүйнөлүк чемпионат», АКШ, Лос-Анжелес, 2009, алтын медаль; Ю. Руцкая – «Еврофест», Македония, Скопье, 2011, Гран-При; А. Өмүрзаков – «Чехия
жана Словакия таланттары», Чехия, Братислава, 2012, эл аралык телешоунун башкы байгеси (100 000 евро); Г. Калыков, «Евразия жылдызы», 2012, Түркия, Стамбул, Гран-При.
К. э. бий жаатында [элдик, заманбап, бал (европ. ж-а латын-амер.), спорттук ж. б.] бийлери да өнүгүүдө: «Таберик», «Жаш кыял», «Азия-
Нур», «Версус», «Стардэнс», «Вилби», «Майяшоу», С. Закржевскийдин жетекчилигиндеги европ. ж-а спорттук бий студиялары бар, о. эле
«Азия звук», «Алман-рекордс», «Вотум», «Экорекордс», КРдин Коомдук телерадио корпорациясынын профессионалдык үн жазуу студиялары иштейт. Жыл сайын респ., эл аралык джаз, эстрада, фольклор, бий ж-а спорт бий конкурстары ж-а фестивалдары өтүп турат.
Р. Бейшеналиева.