КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ ЭСТРАДАСЫ XX кылымдын 1960-жылдары­нан өнүгө баштаган. 1962-жылы Мамлекеттик филармо­нияда курамы 15 музыканттан турган атайын кесипкөй эстрада тобу түзүлгөн. Ал алгач­кы кыргыз эстрада ансамбли болуп, анда ко­муз-прима, комуз-альт, комуз-бас, аккордеон, бас-гитара, электр-орган жана урма аспаптар кол­донулган. Ансамблди Ч. Кожомжаров жетекте­ген. Репертуарына кыргыз элдик обондору жана күүлөрү, композиторлордун эстрадалык ырлары, аспаптык чыгармалары кирген. Э. Мойдунов, Ш. Өтөбаев, Г. Мамашева, З. Шакеева, А. Са­паралиев, А. Исраилова, А. Базарбаева, А. Мо­мунгазиев, К. Барктабасова, Н. Калназарова, А. Ибраев жана башка ырчылар Кыргыз эстрадасын түптөгөн. Эс­трада өнөрүнө кызыгуу күчөп, окуу жайларда, айылдык, райондук, облустук маданият үйлөрүндө аваз­дык-аспаптык топтор уюштурула баштаган. 1975-жылы К. Кожомкулов уюштурган «Арашан», 1980-жылы В. А. Пругло уюштурган «Наристе» во­калдык-аспаптык топтору пайда болгон. Кийин аткаруучулук кесипкөлүгү менен айыр­маланган «Наристе», «Досум Үсөн», «Кыз бурак», «Биз», «Мээрим», «Жаштык», «Семетей», «Ар­ман», «Гүлдесте», «Аракет» аттуу вокалдык-ас­паптык ансамблдер республикалык жана эл аралык кон­курс, фестивалдардын лауреаттары болушкан. 1990-жылдан Кыргыз эстрадасы жаңы багытта, жаңы нукта өнүгүү жолуна түштү. «Элес», «Агым», «Аян», «Инсан», «Кербен», «От», «Эрсай», «Энесай», ошондой эле А. Головин жетектеген джаз ансамбли, «Эриксон-Диксибэнд» жана башкалар, «Гольфстрим», «R-18», «Континент», «Южный крест» рок-топ­тору түзүлгөн. Учурда «ДжазОк», «Солёные орешки», «Аура», «Теоника», «Анна Парадайз», «Артек» жана башка эстрадалык топтор бар. Кыргыз эстрадасынын калыптанышына композиторлор: А. Малды­баев, К. Молдобасанов, Н. Давлесов, С. Жума­лиев, С. Осмонов, Ж. Малдыбаева, М. Бегалиев, К. Эралиева, Б. Алишеров, С. Бактыгулов, Т. Са­ламатов, ошондой эле обончулар: К. Тагаев, М. Рыс­кулбеков, Р. Абдыкадыров, А. Керимбаев, Т. Ка­заков, Ж. Мамажанов, Ч. Сатаев, А. Бөдөшев жана башка; аткаруучулар: Г. Сатылганова, К. Азык­баев, А. Исабаев, Ы. Осмонкулов, Ж. Осмона­лиева, С. Назаренко, С. Каримов, Д. Акулова, Т. Черикчиева, А. Жетигенова, К. Жолдошев, Г. Тойгонбаева, А. Иманалиева, Г. Кахарова, А. Турдалиева, Т. Ынакбеков, Ш. Аскарова, И. Аманбаев, А. Темиров, К. Артыков, Ж. Мура­това жана башкалар, кийинки муундагы ырчылар: Г. Батырканова, А. Карымов, С. Бейшекеев, Ф. Сул­танова, Т. Назаров, Т. Асаналиев, М. Атабеков, С. Садыралиев, С. Балтаева, С. Искеналиев, Ч. Төрөбеков, Н. Садыкова, А. Асангожоева, Р. Адилканова, Г. Суранчиева, Нэна (М. Аб­дылдаева), Ж. Бобкова жана башкалар; аранжировщик­тер: Р. Сарлыков, Э. Кадырбаев, Э. Мээрканов, А. Головин, А. Юртаев, Б. Айтбосунов, Т. Бей­шеев, М. Батырканов, Р. Усманов, М. Ниязов, А. Такырбашев жана башкалар салым кошкон. Кыргыз эстрадасынын өкүлдөрү эл аралык конкурстарда Кыргыз мамлекетинин желегин бийик көтөрүшкөн (акыр­кы 5 жыл ичиндеги жеңүүчүлөр): Омар (Ө. Жа­нышев) «Жаңы толкун» («Новая волна»), Лат­вия, Рига, 2008, А. Пугачёванын жеке сыйлы­гы (50 000 Америка Кошмо Штаттарынын доллары); Э. Кадырбаев – «Ас­тана жылдызы», Казакстан, Астана, 2008, Гран-При; Ома (Ө. Андарбеков) – «Бүткүл дүйнөлүк чемпионат», Америка Кошмо Штаттары, Лос-Анжелес, 2008, 3 алтын медаль; Н. Азыкбаева – «Бүткүл дүйнөлүк чем­пионат», Америка Кошмо Штаттары, Лос-Анжелес, 2009, алтын ме­даль; Ю. Руцкая – «Еврофест», Македония, Ско­пье, 2011, Гран-При; А. Өмүрзаков – «Чехия жана Словакия таланттары», Чехия, Братис­лава, 2012, эл аралык теле-шоунун башкы бай­геси (100 000 евро); Г. Калыков, «Евразия жыл­дызы», 2012, Түркия, Стамбул, Гран-При.
Кыргыз эстрадасы бий жаатында [элдик, заманбап, бал (ев­ропалык жана латын-америкалык), спорттук жана башкалар] бийлери да өнүгүүдө: «Таберик», «Жаш кыял», «Азия-Нур», «Версус», «Стардэнс», «Вилби», «Майя­шоу», С. Закржевскийдин жетекчилигиндеги европалык жана спорттук бий студиялары бар, ошондой эле «Азия звук», «Алман-рекордс», «Вотум», «Эко­рекордс», Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио корпораци­ясынын кесипкөй үн жазуу студияла­ры иштейт. Жыл сайын республикалык, эл аралык джаз, эстрада, фольклор, бий жана спорт бий конкур­стары жана фестивалдары өтүп турат.

Р. Бейшеналиева.