КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТ-ТИК ПАТЕНТТИК-ТЕХНИКАЛЫК КИТЕПКАНАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТ-ТИК ПАТЕНТТИК-ТЕХНИКАЛЫК КИТЕПКАНАСЫ (МПТК) 1967-ж. негизделген. Адеп ки­тепкана Кыргыз ССР Мампланынын, КР Эко­номика ж-а финансы министрлигинин, КР Илим ж-а жаңы технологиялар б-ча к-ттин ве­домстволоруна караштуу болгон. 1998-жылдан Кыргызпатенттин карамагында. МТПКда өтө маанилүү фонддор: патенттер, ГОСТтор, тех. шарттар, курулуш норма эрежелери, авторефе­раттар, диссертациялар, ил.-из. иштери б-ча отчёттор ж. б. сакталат. Китепкана жылына 50 миңден ашуун окурманды тейлеп, алардын колуна 1 млн 500 миңдей документ бере алат. Окурмандардын 80%ин ЖОЖдун студенттери, профессор-окутуучулар, ойлоп табуучулар, иш­керлер түзөт. МТПК белгилүү даталарга арнал­ган тематикалык көргөзмөлөрдү уюштурат, ин­тернет аркылуу окурмандар дүйнөнүн 60 патент­тик ведомстволорунун ресурстарын колдоно алы­шат. Китепкананын иш-чаралары респ. басма сөздө, Кыргызпатенттин «Вестник КП: вопросы интеллектуальной собственности», «Интеллект, чыгармачылык, турмуш» журналдарына жа­рыяланат.