КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТ-ТИК ПАТЕНТТИК-ТЕХНИКАЛЫК КИТЕПКАНАСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК ПАТЕНТТИК-ТЕХНИКАЛЫК КИТЕПКАНАСЫ (МПТК) 1967-жылы негизделген. Адеп китепкана Кыргыз ССР Мампланынын, КР Экономика жана финансы министрлигинин, КР Илим жана жаңы технологиялар боюнча комитеттин ведомстволоруна караштуу болгон. 1998-жылдан Кыргызпатенттин карамагында. МТПКда өтө маанилүү фонддор: патенттер, ГОСТтор, техникалык шарттар, курулуш норма эрежелери, авторефераттар, диссертациялар, илим-изилдөө иштери боюнча отчёттор ж. б. сакталат. Китепкана жылына 50 миңден ашуун окурманды тейлеп, алардын колуна 1 млн 500 миңдей документ бере алат. Окурмандардын 80%ин ЖОЖдун студенттери, профессор-окутуучулар, ойлоп табуучулар, ишкерлер түзөт. МТПК белгилүү даталарга арналган тематикалык көргөзмөлөрдү уюштурат, интернет аркылуу окурмандар дүйнөнүн 60 патенттик ведомстволорунун ресурстарын колдоно алышат. Китепкананын иш-чаралары республикалык басма сөздө, Кыргызпатенттин «Вестник КП: вопросы интеллектуальной собственности», «Интеллект, чыгармачылык, турмуш» журналдарына жарыяланат.