КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ Т. C а д ы к о в а т н. – жогорку билим берүүчү көркөм сүрөт окуу жайы ж-а ил.-из. мекемеси. 1991-ж. КРдин Президен­тинин жарлыгы м-н Жогорку мамлекеттик көркөм сүрөт коллежи түзүлгөн. 2002-ж. КРдин Көркөм сүрөт академиясына улуттук статусу берилип, 2004-ж. Т. Cадыковдун ысмы ыйга­рылган. Академиянын максаты – көркөм сүрөт б-ча ар тармактуу– көп баскычтуу үзгүлтүксүз билим берүү концепциясын ишке ашыруу. Анын структурасы жогорку кесипкөй иск-во чеберле­рин ж-а иск-во таануучуларды даярдоо үчүн окуу-методикалык ж-а ил. базаны түзүүнүн бир­диктүү программасына киргизилген бир катар компоненттерди камтыйт. Академиянын көркөм

сүрөт мектебинин баштапкы класстарынан 4 жыл бою (6–9-класс) респ-нын шаарларынан ж-а райондорунан келген жөндөмдүү балдар– о. эле обл. балдардын көркөм сүрөт мектебинде окугандар көркөм сүрөт иск-восунан базалык би­лим алышат. Экинчи баскычы – 5 ф-ти бар 3 жылдык көркөм сүрөт окуу жайы. Ин-тта ста­нок скульптурасы– живопись– өнөр жай графи­касы– көркөм жасалгалоо– иск-во таануу ф-тте­ри бар. Академиянын структурасында ил.-из. бөлүмү– ил.-методикалык музей иштейт. Туң­гуч президенти – Т. Cадыков (1995-жылдан).