КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КӨРКӨМ CҮРӨТ АКАДЕМИЯСЫ Т. C а д ы к о в а т ы н д а – жогорку билим берүүчү көркөм сүрөт окуу жайы жана илимий-изилдөө мекемеси. 1991-жылы Кыргыз Республикасынын Президен­тинин жарлыгы менен Жогорку мамлекеттик көркөм сүрөт коллежи түзүлгөн. 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Көркөм сүрөт академиясына улуттук макамы берилип, 2004-жылы Т. Cадыковдун ысмы ыйга­рылган. Академиянын максаты – көркөм сүрөт боюнча ар тармактуу, көп баскычтуу үзгүлтүксүз билим берүү концепциясын ишке ашыруу. Анын түзүмү жогорку кесипкөй искусство чеберле­рин жана искусство таануучуларды даярдоо үчүн окуу-методикалык жана илимий базаны түзүүнүн бир­диктүү программасына киргизилген бир катар компоненттерди камтыйт. Академиянын көркөм

сүрөт мектебинин баштапкы класстарынан 4 жыл бою (6–9-класс) республиканын шаарларынан жана райондорунан келген жөндөмдүү балдар, ошондой эле облустук балдардын көркөм сүрөт мектебинде окугандар көркөм сүрөт искусствосунан базалык би­лим алышат. Экинчи баскычы – 5 факультети бар 3 жылдык көркөм сүрөт окуу жайы. Институтта ста­нок айкели, живопись, өнөр жай графи­касы, көркөм жасалгалоо, искусство таануу факультетте­ри бар. Академиянын түзүмүндө илимий-изилдөө бөлүмү, илимий-методикалык музей иштейт. Туң­гуч президенти – Т. Cадыков (1995-жылдан).