КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БИЛИМ» КООМУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БИЛИМ» КООМУ 1948-ж. 15-январда респ-канын белгилүү окумуштууларынын ж-а мад-т өкүлдөрүнүн де­милгеси м-н түзүлгөн. Максаты – билим, илим, ил.-техниканын, мад-ттын жетишкендиктерин эл арасында түшүндүрүү ж-а элдин билимин ж-а мад-тын көтөрүү. Көрүнүктүү окумуштуулар, чарба адистери, мад-т өкүлдөрү ж. б. респ-канын интеллигенциясынын бардык алдынкы өкүлдөрү коомдун мүчөлөрү болушкан. Коомдун мүчө­лөрүнүн саны 1990-ж. 42 миңге жеткен. Алар ишкана-мекемелерде, мал чарба тармагында ички ж-а тышкы саясат, алдынңкы тажрыйба ж. б. бардык темаларда аңгеме, лекция өткөрүп турушкан. «Билим» коому тарабынан элдик ун-ттер түзүлгөн. 1991-ж. респ-када 655 элдик ун-т иштеп, 250 миңден ашык киши билим ал­ган. «Билим» коому рынок шарттарына ыла­йыктуу элдик ун-ттердин структура, програм­маларын өзгөртүп, жумушсуз калгандарга, ко­шумча жаңы адистик алууга мажбур болгондор үчүн түрдүү багыттагы курстарды ачкан. «Би­лим» коомунун түрдүү багыттагы курстары­нан 100 миңден ашык адам кошумча жаңы адистикке ээ болушкан. «Билим» коомунун эл­дик ун-ттери экономика, тех. ж-а мед. билим­дер, чет тилдер, мад-т, дизайн ж-а кол өнөрчүлүк б-ча кошумча адистерди даярдайт.
А.

Бакиров.