КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БИЛИМ» КООМУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН «БИЛИМ» КООМУ 1948-жылы 15-январда республиканын белгилүү окумуштууларынын жана маданият өкүлдөрүнүн демилгеси менен түзүлгөн. Максаты – билим, илим,
илимий-техниканын, маданияттын жетишкендиктерин эл арасында түшүндүрүү жана элдин билимин жана маданиятын көтөрүү. Көрүнүктүү окумуштуулар,
чарба адистери, маданият өкүлдөрү ж. б. республиканын
интеллигенциясынын бардык алдынкы өкүлдөрү коомдун мүчөлөрү болушкан. Коомдун мүчөлөрүнүн саны 1990-жылы 42 миңге жеткен. Алар ишкана-мекемелерде, мал чарба тармагында ички жана тышкы саясат, алдынңкы тажрыйба ж. б. бардык темаларда аңгеме, лекция өткөрүп турушкан. «Билим» коому тарабынан элдик университеттер түзүлгөн. 1991-жылы республикада 655 элдик университет иштеп, 250 миңден ашык киши билим алган. «Билим» коому рынок шарттарына ылайыктуу элдик университеттердин структура, программаларын өзгөртүп, жумушсуз калгандарга, кошумча жаңы адистик алууга мажбур болгондор
үчүн түрдүү багыттагы курстарды ачкан. «Билим» коомунун түрдүү багыттагы курстарынан 100 миңден ашык адам кошумча жаңы адистикке ээ болушкан. «Билим» коомунун элдик университеттери экономика, тех.ника жана мед.ициналык билимдер, чет тилдер, маданият, дизайн жана кол өнөрчүлүк боюнча кошумча адистерди даярдайт.
А. Бакиров.