КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ CҮРӨТ ОКУУ ЖАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
v>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ CҮРӨТ ОКУУ ЖАЙЫ C. А. Ч у й к о в атн. 1939-ж.

Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун көркөм сүрөт студиясынын (1935) базасында ачылган. 1980-ж. C. Чуйковдун ысмы берилген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда окуу жай убактылуу жабылып, айрым окуучулар Самарканд көркөм сүрөт окуу жайына которулган. Окуу жайда живопись, дизайн ж-а жасалга-колдонмо исквосу б-ча адистер даярдалат. Г. Айтиев– Л. Ильина– А. Михалёв– А. Игнатьев, С. Акылбеков, В. Тюрин, А. Молдакматов ж. б. белгилүү сүрөтчүлөр эмгектенишкен. Окуу жайында Т. Садыков, А. Асранкулов, А. Бейшенов, Т. Герцен, Б. Жалиев, С. Ишенов, Ж. Кадралиев, Т. Курманов, С. Чокморов, С. Макашев, А. Арым Кубат, Д. Кадыралиев ж. б. иск-во ишмерлери окуган. Директорлору: А. И. Простев, Ш. Керимбаев, Ф. М. Зазулин, Ж. Кожакметов, М. С. Акылбеков, Е. С. Гердюк, С. Асанбеков, Н. Конгурбаев, 1975-жылдан Т. Байбосунов.