КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ CҮРӨТ ОКУУ ЖАЙЫ
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КӨРКӨМ CҮРӨТ ОКУУ ЖАЙЫ C. А. Ч у й к о в а т ы н д а. 1939-жылы Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун көркөм сүрөт студиясынын (1935) базасында ачылган.

1980-жылы C. Чуйковдун ысмы берилген. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда окуу жай убактылуу жабылып, айрым окуучулар Самарканд көркөм сүрөт окуу жайына которулган. Окуу жайда живопись, дизайн жана жасалга-колдонмо искусствосу боюнча адистер даярдалат. Г. Айтиев, Л. Ильина, А. Михалёв, А. Игнатьев, С. Акылбеков, В. Тюрин, А. Молдакматов жана башка белгилүү сүрөтчүлөр эмгектенишкен. Окуу жайында Т. Садыков, А. Асранкулов, А. Бейшенов, Т. Герцен, Б. Жалиев, С. Ишенов, Ж. Кадралиев, Т. Курманов, С. Чокморов, С. Макашев, А. Арым Кубат, Д. Кадыралиев жана башка искусство ишмерлери окуган. Директорлору: А. И. Простев, Ш. Керимбаев, Ф. М. Зазулин, Ж. Кожакметов, М. С. Акылбеков, Е. С. Гердюк, С. Асанбеков, Н. Конгурбаев, 1975-жылдан Т. Байбосунов иштеген.