КЫРГЫЗ КОЮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
v>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

12:03, 10 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КЫРГЫЗ КОЮ – жыл бою жайытта багууга кө­нүккөн, катаал шартка чыдамдуу, кылчык жүн­дүү жерг. кой. К. к-нун башы кичине, шыйрагы ичке, өңү кара, боз түстө, төлү тез жетилип, бат эттенет. Тегерек же салпаң куйруктуу. К. к-нун орточо салмагы 48–72 кг, кочкорунуку 74–88 (ирдүүсү 109) кг, соолугунуку 56–68 кг. Жыл мез­гилине жараша салмагы өзгөрүлүп турат. Жай­лоодо салмагы 20–23%ке жогоруласа, кышкы­сын 12–20%ке (катаал кышта 35–37%) чейин түшөт. Жүнү аз, күзүндө ж-а жазында кыркы­лат. Жылдык орт. кыркымы 2,2–2,4 кг, кыл­чык, буласы тыбыт, өтмө жүн, кыл ж-а өлүү жүндөн турат. К. к. сүттүү, бир соолуктан жы­лына 150–170 л сүт саап алууга болот, майлуу­лугу 3,5–8%. Азыр К. к. көбүнчө көмөкчү чар­баларда аз-аздан багылат. К. к-нун ген. сапат­тары билгичтик м-н пайдаланылып, бийик тоо­луу шартта өстүрүүгө ылайыкташтырылган кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою ж-а алай кою породалары чыгарылган.