КЫРГЫЗ КОЮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ КОЮ – жыл бою жайытта багууга кө­нүккөн, катаал шартка чыдамдуу, кылчык жүн­дүү жергиликтуу кой. Кыргыз коюнун башы кичине, шыйрагы ичке, өңү кара, боз түстө, төлү тез жетилип, бат эттенет. Тегерек же салпаң куйруктуу. Кыргыз коюнун орточо салмагы 48–72 кг, кочкорунуку 74–88 (ир дүүсү 109) кг, соолугунуку 56–68 кг. Жыл мез­гилине жараша салмагы өзгөрүлүп турат. Жай­лоодо салмагы 20–23%ке жогоруласа, кышкы­сын 12–20%ке (катаал кышта 35–37%) чейин түшөт. Жүнү аз, күзүндө ж-а жазында кыркы­лат. Жылдык орточо кыркымы 2,2–2,4 кг, кыл­чык, буласы тыбыт, өтмө жүн, кыл ж-а өлүү жүндөн турат. Кыргыз кою сүттүү, бир соолуктан жы­лына 150–170 л сүт саап алууга болот, майлуу­лугу 3,5–8%. Азыр кыргыз кою көбүнчө көмөкчү чар­баларда аз-аздан багылат. Кыргыз коюнун генетикалык сапат­тары билгичтик м-н пайдаланылып, бийик тоо­луу шартта өстүрүүгө ылайыкташтырылган кыргыз уяң жүндүү кою, тянь-шань кою ж-а алай кою породалары чыгарылган.