КӨТӨРҮҮ КҮЧҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨТӨРҮҮ КҮЧҮ – суюктук же газ абалындагы чөйрөдө кыймылдоочу нерсеге, ал чөйрөнүн агым ылдамдыгына перпендикуляр (тик) багыт б-ча багытталган толук басым күчү. К. к. нерсени айланып агып өткөн аба агымынын симметрия­луу эместигинен пайда болот, мис., самолёт ка­натынын үстүнөн ж-а астынан өткөн аба агы­мы бирдей эмес. Канаттын туурасынан кесили­шинин симметриялуу эместиги канаттын астын­кы бети м-н үстүнкү бетинде аба ылдамдыгы­нын айырмасына алып келет. Жуковский тео­ремасына ылайык кысылбаган идеалдык суюк­туктун канаттын бир бөлүгүнө аракет эткен К. к. Ү=puGL, мында p – чөйрө тыгыздыгы, u – агым ылдамдыгы, G – куюн түзүү ылдамдыгы, L – канаттын узундугу. К. к. – учуучу аппарат­тардын негизги мүнөздөмөсү.