КӨТӨРҮҮ КҮЧҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨТӨРҮҮ КҮЧҮ – суюктук же газ абалындагы чөйрөдө кыймылдоочу нерсеге, ал чөйрөнүн агым ылдамдыгына перпендикуляр (тик) багыт б-ча багытталган толук басым күчү. К. к. нерсени айланып агып өткөн аба агымынын симметриялуу эместигинен пайда болот, мис., самолёт канатынын үстүнөн ж-а астынан өткөн аба агымы бирдей эмес. Канаттын туурасынан кесилишинин симметриялуу эместиги канаттын астынкы бети м-н үстүнкү бетинде аба ылдамдыгынын айырмасына алып келет. Жуковский теоремасына ылайык кысылбаган идеалдык суюктуктун канаттын бир бөлүгүнө аракет эткен К. к. Ү=puGL, мында p – чөйрө тыгыздыгы, u – агым ылдамдыгы, G – куюн түзүү ылдамдыгы, L – канаттын узундугу. К. к. – учуучу аппараттардын негизги мүнөздөмөсү.