КӨРПӨЧӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨРПӨЧӨ – ээрдин үстүнө салып, басмайыл м-н тартылуучу төшөк. Ичине жүн же кебез са­лынып, тышына чий баркыт, трайке (балдар­дыкына кыжым, бейкасам) капталып, шыры­лып же жээги кыюуланып жасалат. Аялдар үчүн асемделип саймаланган баркыт К., кээде К. ор­дуна жууркан колдонулган. Балдар минчү ээрге (айырмач, кичине ээр) көбүнчө к ө п ч ү к са­лынган. Көпчүк ичине жүн, кыл, коога (жекен) ж. б. салынып, тышына калың кездеме, кийиз, жаргак, таар тышталып, шырылып жасалган.