КӨРПӨЧӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨРПӨЧӨ – ээрдин үстүнө салып, басмайыл менен тартылуучу төшөк. Ичине жүн же кебез салынып, тышына чий баркыт, трайке (балдардыкына кыжым, бейкасам) капталып, шырылып же жээги кыюуланып жасалат. Аялдар үчүн асемделип саймаланган баркыт көрпөчө, кээде көрпөчө ордуна жууркан колдонулган. Балдар минчү ээрге (айырмач, кичине ээр) көбүнчө к ө п ч ү к салынган. Көпчүк ичине жүн, кыл, коога (жекен) жана башкалар салынып, тышына калың кездеме, кийиз, жаргак, таар тышталып, шырылып жасалган.