КӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨР , м ү р з ө, к а б ы р – маркум коюлчу жай.
Маркум алгач полеолит доорунда коюла баштаган. Бирок ал кезде маркумдар атайын көрүстөнгө эмес, өзүлөрү турган жерге эле көмүлгөн. Кадимки К-гө коюу мезолит доорунда пайда болуп, маркум м-н бирге кийими, курал-жарагы, идиштери, тиричилик ж-а асем буюмдары, союлган мал кошо коюлган. Патриархат доорунун өнүгүшүнөн улам өлгөн эркекти өлтүрүлгөн аялы м-н кошо коюу, таптык доордун тушунда
өлгөн уруу башчыларын же падышаларды
өлтүрүлгөн кулдары ж-а күңдөрү м-н кошо көмгөн учурлар да кездешкен. Маркумду коюуда ар бир элдин өз салты болгон. Айрымдары аны табыты м-н койсо, кээ бирөөлөрү өрттөп, күлүн
гана койгон. Ар түрдүү урууда, элде маркум коюлган жайдын түрү, ички түзүлүшү да ар кандай доордо ар башка болгон. Кырг-н аймагында коло доорунан калган мүрзөлөрдө көп уруулар маркумду тегерек аңга же таштан жасалган үкөккө күлүн же сөөгүн салып, үстүн таш м-н кынап бекитсе, темир доорунун башталышында маркумду өтө кадырлап, чоң дөбөлөрдүн астына коюшкан. Айрым дөбөлөрдүн диаметри 100–120 м, бийикт. 8–10 м болгон. Алар ж е л е д ө б ө деп аталат. О. эле б. з. башында казанактуу К-лөр (Кетмен-Төбө, Баткен, Чаткал, Алай, Кызарт ж. б.) кеңири таралган. Андай айрым К-лөрдө 1000–1500 дөбө-мүрзө бар. О. кылымдагы мүрзөлөрдүн үстүнөн калмак таш, балбал эстеликтерди, таштан тургузулган зор дөбөлөрдү жолуктурууга болот. Байыркы К-лөрдү изилдөөдөн диний ишеним тууралуу көп материал алынат. Антикалык дүйнөдө К. некрополь деп аталган.