КӨП ҮЙЛҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
(Айырма жок)
|
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КӨП ҮЙЛҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР , п о л и г а м д а р – гүлү айрым жыныстуу, о. эле эки жыныстуу өсүмдүктөр. Бир эле өсүмдүктө эки жыныстуу гүлү ж-а аталык гүлү бар өсүмдүктөр – андромонэция (мис., марал кулак); эки жыныстуу гүлү ж-а энелик гүлү бары – гимономеция (мис., чайыр гүл ж-а көпчүлүк татаал гүлдүүлөр), о. эле эки жыныстуу гүл, ошону м-н катар энелик ж-а аталык гүлдөрү – тримонэция (мис., кадимки жылкы жаңгак) болот. Полигамдуулук өсүмдүктө төмөнкү мүнөздө да кездешет: өсүмдүктүн бир особунда эки жыныстуу гүлү, экинчисинде аталык гүлү (андродиэция) же энелик гүлү (гинодиэция; мис., бото көз, көпчүлүк эрин гүлдүүлөр), о. эле эки жыныстуу, аталык ж-а энелик гүлдөр ар башка өсүмдүктө (триэция; мис., жүзүмдө, ак чечекте) болот. Өсүмдүктүн көп үйлүүлүгү кайчылаш чаңдашууга түрткү берет.