КӨП ҮЙЛҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨП ҮЙЛҮҮ ӨСҮМДҮКТӨР , п о л и г а м д а р – гүлү айрым жыныстуу, о. эле эки жыныстуу өсүмдүктөр. Бир эле өсүмдүктө эки жыныстуу гүлү ж-а аталык гүлү бар өсүмдүктөр – андромо­нэция (мис., марал кулак); эки жыныстуу гүлү ж-а энелик гүлү бары – гимономеция (мис., ча­йыр гүл ж-а көпчүлүк татаал гүлдүүлөр), о. эле эки жыныстуу гүл, ошону м-н катар энелик ж-а аталык гүлдөрү – тримонэция (мис., кадимки жылкы жаңгак) болот. Полигамдуулук өсүм­дүктө төмөнкү мүнөздө да кездешет: өсүмдүктүн бир особунда эки жыныстуу гүлү, экинчисинде аталык гүлү (андродиэция) же энелик гүлү (ги­нодиэция; мис., бото көз, көпчүлүк эрин гүл­дүүлөр), о. эле эки жыныстуу, аталык ж-а эне­лик гүлдөр ар башка өсүмдүктө (триэция; мис., жүзүмдө, ак чечекте) болот. Өсүмдүктүн көп үйлүүлүгү кайчылаш чаңдашууга түрткү берет.