КӨПӨЛӨКТӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨПӨЛӨКТӨР , к а к а ч к а н а т т у у л а р (Lepidoptera) – муунак буттуулар тибинин курткумурска классынын түркүмү. Какач м-н капталган 2 жуп канаты бар. Оозу пил тумшугу сымал, учу соргуч. Денеси түк же какач м-н капталган. Личинкасынын көкүрөгүндөгү 3 жуп бутунан башка курсагында түрдүү санда жалган буту болот. Кемирүүчү оозу бар. 4–5 жолу
түлөйт, өсүмдүк м-н азыктанат. Куурчакчасынын канаты бүт денесине жабышып, хитин кабыгы м-н капталган. Чондугу, канатынын уз. ар түрдүү. К-дүн канатынын түсү ж-а наары какачынын пигментине жараша айырмаланып, көбүнчө коргонуу милдетин аткарат, о. эле мимикрия ж-а миметизмди айгинелейт. К-дүн көпчүлүгү күүгүмдө, түнкүсүн, айрымдары күндүз учуп, гүл нектары, чириген өсүмдүк ж-а жемиш ширеси м-н азыктанса, кээси личинка кезинде жыйнаган май ткандарынын эсебинен жашайт. Көрүү органы жакшы өөрчүгөн. Жыт сезүү ор-

ганы муруттарында жайгашып, өзгөчө түнкү К-дө чоң мааниге ээ. Муруту түрдүү формада. Жарганаттар чыгарган ультраүндү эхолокация туюмдары сезип, убагында коргонот. Айрым жыныстуу, кээ биринде гана табигый партеногенез, чанда жыныстык диморфизм даана байкалат. Өөрчүшү толук кубулуу (жумуртка, малак, куурчакча ж-а имаго) жолу м-н өтөт. Тропик өлкөлөрдө көп кездешет. К. 3 түркүмчөгө (жаактуу К., кош канаттар, жаргак канаттар) бөлүнүп, 140 миң түрдү камтыйт. О. эле күндүзгү (калдыркандар) ж-а түнкү (шайтан К.) топко бөлүнөт. Көпчүлүк түрү а. ч. өсүмдүктөрүнө (мөмө-жемиш багы, капуста, пахта, токойчулук ж. б.) зыян келтиргени м-н өсүмдүктү чаңдаштырат, кээ биринен жибек (жибек көпөлөгү) алынат.