КӨПӨЛӨКТӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨПӨЛӨКТӨР , к а к а ч   к а н а т т у у л а р (Lepidoptera) – муунак буттуулар тибинин курт­кумурска классынын түркүмү. Какач м-н кап­талган 2 жуп канаты бар. Оозу пил тумшугу сымал, учу соргуч. Денеси түк же какач м-н капталган. Личинкасынын көкүрөгүндөгү 3 жуп бутунан башка курсагында түрдүү санда жал­ган буту болот. Кемирүүчү оозу бар. 4–5 жолу түлөйт, өсүмдүк м-н азыктанат. Куурчакчасы­нын канаты бүт денесине жабышып, хитин ка­быгы м-н капталган. Чондугу, канатынын уз. ар түрдүү. К-дүн канатынын түсү ж-а наары ка­качынын пигментине жараша айырмаланып, көбүнчө коргонуу милдетин аткарат, о. эле ми­микрия ж-а миметизмди айгинелейт. К-дүн көп­чүлүгү күүгүмдө, түнкүсүн, айрымдары күндүз учуп, гүл нектары, чириген өсүмдүк ж-а жемиш ширеси м-н азыктанса, кээси личинка кезинде жыйнаган май ткандарынын эсебинен жашайт. Көрүү органы жакшы өөрчүгөн. Жыт сезүү ор-

Көпөлөктөр: 1 – сары көпөлөк; 2 – махаон, 2а – эжеке бээсаасы; 3 – шафран сары көпөлөгү; 4 – доло­ночу көпөлөк; 5 – көгүлтүр көпөлөк, 5а –эжеке бээ­саасы; 6 – чоң баш көпөлөк, 6а – эжеке бээсаасы; 7– аполон; 8 – кооз калдыркан, 8а – эжеке бээсаа­сы; 9 – адмирал; 9а – эжеке бээсаасы; 10 – кулмак күүгүмгүлү; 11 – аюу түк калдыркан, 11а – эжеке бээсаасы; 12 – баш сүрөттүү калдыркан, 12а – эже­ке бээсаасы; 13 – эмен жалбырак түргүчү; 14 – ки­йим күбөсү; 15 – мырза карай жибекчи көпөлөгү, 15а – эжеке бээсаасы; 16 – шайтан калдыркан; 16а – эжеке бээсаасы; 17 – сасык жыгач ойгуч, 17а – эжеке бээсаасы.

ганы муруттарында жайгашып, өзгөчө түнкү К-дө чоң мааниге ээ. Муруту түрдүү формада. Жарганаттар чыгарган ультраүндү эхолокация туюмдары сезип, убагында коргонот. Айрым жыныстуу, кээ биринде гана табигый партено­генез, чанда жыныстык диморфизм даана бай­калат. Өөрчүшү толук кубулуу (жумуртка, ма­лак, куурчакча ж-а имаго) жолу м-н өтөт. Тро­пик өлкөлөрдө көп кездешет. К. 3 түркүмчөгө (жаактуу К., кош канаттар, жаргак канаттар) бөлүнүп, 140 миң түрдү камтыйт. О. эле күндүзгү (калдыркандар) ж-а түнкү (шайтан К.) топко бөлүнөт. Көпчүлүк түрү а. ч. өсүмдүктөрүнө (мө­мө-жемиш багы, капуста, пахта, токойчулук ж. б.) зыян келтиргени м-н өсүмдүктү чаң­даштырат, кээ биринен жибек (жибек көпөлөгү) алынат.