КӨӨРҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨӨРҮК - устакана очогундагы отту (көмүрдү) күйгүзүп туруучу аспап; аба үйлөөчү аспаптар­дын эң эскиси. К. байыркы замандарда металл

1 - териси; 2 -ооз жыгачы; 3 - манжа бүлдүргөсү; 4 - бармак бүлдүргөсү; 5 -моюну; 6 - көңдөй ача жыгач; 7 — түтүк темири; 8 - өчөк кыш.

эритүү үчүн пайдаланылып, кол м-н кыймылга келтирилген; о. кылымда кол (дене) ж-а унаа күчү кыймылга келтирүүчү механизмдер, ки­йинчерээк суу кыймылдаткычтары м-н иште­ген. Металлургиянын дүркүрөп өнүгүшүнө бай­ланыштуу К-төрдү электр К-төр ж-а аба үйлө­түүчү машиналар сүрүп чыгарган. Кыргыз урун­ган К. кол м-н кыймылга келтирилип, кол же ала К. деп аталган. Кол К. туюк союлган (же кураштыра тигилген) эки териден, ичи көң­дөйлөнгөн ача жыгачтан, түтүк темирден тур­ган; териси эчки, кой, кийик же кулундун туюк союлуп, ийленген терилеринин жүнү сыртына каратылып жасалган; терилердин кенен (түп) жагынын эки бетине жарыш ооз жыгачтар (так­тайчалар) кадалып, аларга манжа бүлдүргө ж-а бармак бүлдүргө тагылган; кууш (моюн) жак­тары көңдөй ача жыгачтын эки ачасы м-н тике же кыйыр (темир түтүктөр аркылуу) бирикти­рилген. Эки ачанын көңдөйү кошулган жердеги тешиктерге ачылып-жабылма капкакча (ка­йыш, шири же булгаары) коюлган. Ача жыгач­тын кошулушунан пайда болгон чоң көңдөйдүн көзөнөгүнө темир түтүк ашталып, анын бир учу очок кыштын (чопо түтүктүн) тешиги м-н ту­таштырылган. К-тү басканда терилердин түп жагындагы жарыш тактайчалар кыска карма­лып, өйдө тартканда бир аз ачылып, теринин көңдөйү абага толуп чыккан; толгон аба түтүктөр аркылуу очокко кирген. 19-к-дын 2- жарымынан келгин орустардын таасири м-н кыргыз арасына асма (орус) К. жайыла башта­ган. Асма К-түн кол К-төн айырмасы: бир эле «териден» (мехтен) турат; анысы кайыштан (бул­гаарыдан) жасалып, эки четинен ж-а ортосунан жарыш тактайлар м-н бекитилген. Эки четин­деги тактайлары «<тери» м-н кошо кыймылдай берет, ал эми «терини» экиге бөлүп турган ор­тоңкусу бир учу дубалга кадалган бойдон кый­мылдабай турат. Асма К-түн кууш (ооз) жагы түтүктөр аркылуу очок м-н туташтырылат, ке­н ен (түп) ж аг ы б ол с о кыяк (г ар мон ь) м ехи с ыя к­туу бүктөлүп-жазылып тургудай болуп кайыш­тан жасалат. Асма К. зым (же жип) аркылуу шыпка асылып, кол м-н кыймылга келтири­лет. "Учурда кол IC. да, асма IC. да сейрек учурап, жөнөкөй устакана очокторунда гана колдо­нулат.