КӨЛЧҮКЧҮЛӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЛЧҮКЧҮЛӨР (Iymnaeidae) - омурткасыз жа­ныбарлардын моллюскалар тибиндеги курсак буттуулар классы. Дүйнөдө 500 ОООден ашык түрү бар 3 классчага; (алдыңкы бакалоордуулар, арткы бакалоордуулар, өпкөлүүлөр) бөлүнөт.
Булар көлчүктө, көлдө, дарыянын жай аккан жеринде кездешет. Денеси тулку бою, баш ж-а буттан турат. Үлүл кабыгынын тешиги аркы­луу башын, тулкусунун алдыңкы бөлүгүн ж-а бутун гана чыгара алат. Тулкусу сыртынан ман­тия м-н капталган. Тулкусунун алды жагында башы, жуп тинтүүрү, көзү жайгашкан. Өпкөсү м-н дем алат. Нерв түйүндөрү, сезүү органы, та­мак сиңирүү, дем алуу, кан айлануу (туюк эмес), бөлүп чыгаруу, көбөйүү органдары жакшы өнүк­көн. Гермафродиттер. Чоңдугу бир нече смден 65-70 смге (кадимки көлчүк үлүлү) жетет. К. суу алдындагы бир нерсеге узун жип сымал кылып жабыштырып, жумурткасын таштайт.
Өсүмдүк м-н азыктанат. Көпчүлүгү мите курт­тардын (жалпак, тасма ж. б.) аралык ээси бо­луп, жаныбар ж-а адамга зыян келтирет.